Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго сот өкүмү чыкты.
Бишкектин Ленин райондук сотунун 25-декабрдагы өкүмү менен Абдувапов кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 400 миң сом айып пул салуу, белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу жазасы белгиленди.
Кыдыргычов да күнөөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу жазасы дайындалды. Мындан тышкары экөө тең атайын наамдардан, класстык чиндерден жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды. Ошондой эле аларга камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өлкөдөн чыкпоо жөнүндө милдеттенме менен алмаштырылды.
Аталган эки жаран мындан 1 жыл мурун УКМК тарабынан кармалган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жаткан.
Абдувапов менен Кыдырычевдин бошотулушу боюнча УКМК комментарий берди.
Атайын кызмат алар мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушканын билдирди. УКМК калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыктары, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берилерин маалымдады.