Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун тарыхый “Сынган кылыч” чыгармасынын негизинде тасма тартылат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев 19-январда парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.
Айтымында, буга чейин тасма тартуу иштерине мамлекеттен 100 миллион сомго чейин каражат бөлүнсө, учурда бул сумма 1 миллиард сомго чейин жеткен.
– 10 жыл мурда “Курманжан датка” тарыхый тасмасы тартылган. Андан бери тарыхый тасма тартыла элек. “Сынган кылычты” тартуу боюнча Улуттук кеңештин чечими чыккан, 2026-жылы анын сценарийин иштеп чыгуу чечилип, сметасы бекитилген. Сценарийди жазуу Султан Раевге берилди. Ушул жылдын аягы, 2027-жылдын башында тасма тартуу иштерин баштоону пландап турабыз,- деди Марат Тагаев.
Ал кошумчалагандай, келерки жылдары дагы тарыхый тасмаларды тартуу пландалууда.
– Ири тарыхый тасмаларды тартуу үчүн кинопавильон абдан маанилүү, ансыз мүмкүн эмес. Ошон үчүн 2026-жылы кинопавильонду куруп баштап, 2027-жылы бүтүрөбүз,- дейт чиновник.