Кыргызстанда 2025-жылы ымыркайлардын өлүмү 4,2 пайызга азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.
Өлүм көрсөткүчү 1000 балага 13 жарымды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда ымыркайлар өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз калган. Биринчи орунда – перинаталдык мезгилдеги оорулар 65,7 пайыз же 1224 бала. Экинчи орунда – тубаса өнүгүү кемтиктери 15,5 пайыз же болбосо 289 бала. Үчүнчү орунда – дем алуу органдарынын оорулары 8,2 пайыз же 152 бала.
Ал эми энелердин өлүмү, тескерисинче, өстү. Мисалы, 2025-жылы 48 факт катталды, бул мурунку жылга салыштырмалуу 35,4 пайызга жогору. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун айтымында, энелердин жана балдардын өлүмү саламаттык сактоо системинин абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүчтөр болуп саналат. Министр бул боюнча бир жуманын ичинде тийиштүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды.