Бир күнү мугалим окуучулардан сурайт:
– Эмнеге адамдар урушканда үнүн катуу чыгарышат, билесиңерби?
– Балким, эмоциясын көзөмөлдөй албай калгандыктан кыйкырышаттыр...
– Эмоциясын көзөмөлдөй албай калса деле эмнеге кыйкырат, ал адам жанында турса деле, жаныңда турган адам акырын айтсаң деле угат да.
Ийин куушурган окуучулар:
– Бул жөнүндө ойлонбоптурбуз деле. Ошондо эмнеге кыйкырышат?
– Адамдар урушуп, ортодо пикир келишпестик күч алганда экөөнүн жүрөгү, жан дүйнөсү бири-биринен алыстай баштайт. Андыктан бири-биринин сөзүн угуу үчүн үндү жогорулатуу керек болот. Канчалык таарыныч катуу болуп, жинденген сайын үн дагы ошончолук жогорулайт. Ал эми бири-бирин жактырган, бири-бирине ишенген адамдар эч качан кыйкырып сүйлөшпөйт. Кимиси эмне деп айткысы келгенин жарым сөздөн түшүнүп же түшүнгөнгө аракет кылат. Сүйүшкөн түгөйлөрдү карасаңар, алар башкалардын көзүнчө бири-бири менен шыбырашып сүйлөшкөндөй көрүнөт. Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын айланасындагылар билбейт деле. Кээде сөзү жок деле сүйлөшө беришет, аларга көз гана жетиштүү. Муну менен эмнени айткым келди. Үн көтөрүп сүйлөө, аны менен үстөмдүгүңдү көрсөтүү аракети адамдардын жүрөгүн алыстатып, ортодогу аралыкты узартат. Бирөөгө кыйкырып сүйлөөнү практикада көп колдоно берсең, бир күнү ал адам менен аралык кайра кайтарып алууга мүмкүн эмес болгон абалга чейин узарып кетерин унутпа. Башка адам сага кыйкырып жатса да, сен андан акылдуу, токтоо бол.