Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чет өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды мыйзамдаштырууну улантуу керектигин билдирди. Ал 5-февралдагы парламент жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевден маселени карап чыгууну өтүндү. Амангелдиев кайра мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү болбостугун айтып, себебин түшүндүрдү.
– Убагында жетиштүү мөөнөт берилген. Тилекке каршы, жарандарыбыз жоопкерчиликсиз мамиле кылышты. Кайра мыйзамдаштыруу программасын киргизүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул деген ЕАЭБдин алкагындагы чоң маселе болгон. Биз азыр өнөктөштөрүбүзгө кайра мыйзамдаштыруу маселесин түшүндүрүп бере албайбыз. Алар анда “силер аткезчиликти киргизип эле, бажы төлөмдөрүнөн качып жаткан турбайсыңарбы дешет” деди Амангелдиев.
Айта кетсек, буга чейин чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар “10-аймак” катары катталып, номур берилген. Бирок дагы деле каттала элек унаалар көп экени айтылып келет.