Бишкектеги унаа тыгыны кайрадан күн тартибине чыкты. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ар кандай сунуштар айтылып жатат, алардын ичинен Жогорку Кеңештин 2 депутаты айткан сунушка токтолсок. Депутат Илимбек Кубанычбеков жол тыгын көйгөйүн чечүү үчүн борбор менен чектешкен аймактарды байланыштырган электропоезд каттамын ишке киргизүү зарыл деп эсептейт.
– Бишкек менен чектеш аймактарга, мисалы, Бишкектен Кара-Балтага чейин же Кеминден Бишкекке чейин заманбап электропоезддерди жүргүзсөк, калаадагы унаа тыгындары азайып, абанын булганышы дагы бир топ төмөндөйт эле. Эң негизгиси электропоезддер коопсуз, арзан, ыңгайлуу транспорт,- деди ал. Ал эми депутат Алтынбек Кудайбердиев шаар четине мектептердин филиалдарын ачууну сунуш кылды.
– Элдин баары балдарын жакшы мектептерге берүүнү каалап, шаардын ортосуна алып келишип, тыгын жаратышат. Жаңы курулуп жаткан мектептерди жакшы мектептин филиалдары кылып салышсын. Элдин баары шаардын ортосуна келип тыгылбай, ошол өздөрүнүн конуштарындагы эле мектептердин филиалдарына алып бармак,- дейт депутат.