Тигүү тармагында жаралган көйгөй чечилди. Мындай маалыматты 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, учурда тигүү тармагында эмгектенген ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилүүдө.
– Экспортко чыккан товарларды сертификаттоо, кошумча салык төлөө маселеси жана акча айлантуу эң чоң көйгөйлүү маселелер эле. Ишкерлерде эгер бир партия чек арада туруп калса, экинчи буюртмага акча жетпей калуу көйгөйлөрү бар болчу. Булар боюнча иш алып барып, азыр жыйынтыгын көрүүдөбүз. Тигүү тармагындагы ишкерлерге жеңилдетилген 6 пайыз менен насыя берүү каралган. Андан кийин президентибиз ишкерлер менен жолугуп, насыяны пайызсыз кылууну тапшырган. Азыр кырдаал жөнгө салынганга чейин тигүү тармагында иштеген ишкерлерге пайызсыз насыялар да берилет. Азыр чек арадан өтүү, сертификаттарды тариздөө, кошумча нарк салыгын төлөө маселелери толугу менен чечилди. Учурда эч кандай тоскоолдуктар жок,- деди Амангелдиев.