• Жер жүзүндө оң колуна караганда сол колу менен көбүрөөк колдонгондор азчылыкта. Тагыраагы, дүйнөдөгү калктын 6-7 гана пайызы сологойлор. 80-90 пайыз оң, ал эми 3-5 пайызы эки колу менен бирдей колдонгондор (амбидекстр) болуп саналат.
• Байыркы Грецияда сологойлорду Кудайга жакын адамдар деп, аларды өзгөчө ыйык каста катары көрүшкөн. Ошол эле учурда орто кылымдагы Европада сологойлорду жамандыктын жарчысы санап куугунтукка алган учурлар болгон.
• Эмне үчүн сологой болуп калышат деген суроого окумуштууларда так бир жооп жок. Ошентсе да бир нече вариант бар. Баш мээнин сол жарым шары сезгенүүгө кабылганда, бала курсакта кезинде көп дозадагы тестостерон гормонун алып калган жана ошондой эле генетика деген варианттар.
• Сологойлор так илимдерде: математика, архитектура, геометрия жана башкаларда таланттуураак деп эсептелинет. Ал эми оң колу менен көп колдонгондордун вербалдык көндүмдөрү (тил, сүйлөшүү, баарлашуу, ой жүгүртүү, анализдөө жана башка) жогорураак.
• Статистикага ылайык, аялдарга караганда сологой эркектердин саны көп.
• Сологойлор адамдарда гана эмес, айрым жаныбарларда да кездешери таң калычтуу факт.
• Дүйнөдөгү белгилүү сологой адамдарды тизмектесек – Юлий Цезарь, Наполеон Бонапарт, Никколо Паганини, Чарли Чаплин, Мэрилин Монро, Альберт Эйнштейн, Деми Мур, Пол Маккартни, Александр Пушкин, Лев Толстой, Билл Гейтс, Анжелина Жоли жана башкалар.
• Өндүрүш тармагында техникалык жабдыктар оң колу менен иштегендерге ылайыкталгандыктан, сологой жумушчулар жаралган ыңгайсыздыктан көбүрөөк жаракат алышат делет.