Камбэк
Топтун күйөрмандары үчүн 2026-жыл кубанычтуу окуя менен коштолду. Анткени бир нече жылдык тыныгуудан кийин BTS сахнага кайтканы турушат. Бул күндү күткөндөр көп эле. BTS World Tour «Arirang» деп аталган дүйнөлүк турне 9-апрелде Коян шаарындагы (Түштүк Корея) башкы стадиондон башталып, Япония, Европа, Түндүк Американын 32 шаарына баш-аягы 82 концерт коюлат деп маалымдалды.
Түз эфирде
Топтун концертине болуп жаткан жеринен күбө болууга көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү жок. Бирок түз эфирден көрүүгө мүмкүн экен. Тагыраагы, 11-апрелде Коян, 18-апрелде Токио шаарында өтчү концерттер түз эфирде көрсөтүлөт. Бул мүмкүнчүлүк Live Viewing сервиси аркылуу ишке ашат. BTS’тин түз эфирдеги концерти 75-80 өлкөдө, 3500-3800 кинотеатрда көрсөтүлмөкчү. Албетте, ар кайсы өлкөдө саат айырмачылыгынан улам ар кандай убакытта өтөт. Билеттер 25-февралда сатыкка чыкты. Камбэк деп ушуну айт!
Альбом
Дүйнөлүк турдун алдында, тагыраагы, 20-мартта топтун Arirang аталышындагы 5-студиялык альбому чыгат. Бул BTS’тин толук курамы менен 3 жыл 9 айдан кийин чыгарган биринчи релизи, анткени ырчы мырзалар кезек-кезеги менен аскерде кызмат өтөп келишти. Альбомго даярдык иштери 2025-жылдын жайынан баштап башталган. Жаңы альбомдо 14 жаңы ыр камтылмакчы. Презентациядан кийинки күнү, тагыраагы, 21-мартта Сеулдагы Кванхвамун аянтында BTS 1 сааттык бекер концерт коёт.