Электр энергиясынын баасы быйыл дагы 27 тыйынга кымбаттайт. Маалыматты энергетика министри Таалайбек Ибраев 24-февралда парламент комитетинин жыйынында ырастады.
2030-жылга чейин жыл сайын май айында электр энергиясына болгон баа көтөрүлүп турары эскертилди.
– Ар бир жылдын 1-майында кошулуп турат. 2026-жылы 27 тыйынга көбөйөт. 2027-жылы 33 тыйынга, 2028-жылы 39 тыйынга, 2029-жылы 47 тыйынга, 2030-жылы 57 тыйынга көтөрүлүп, биз түзгөн тариф электр жарыгынын өздүк наркына жетет,- деди министр.
Азыркы тапта эл 1 киловатт-саат электр жарыгы үчүн 1 сом 37 тыйындан (700 киловатт-саатка чейин) жана 2 сом 60 тыйындан (700 киловатт-сааттан ашкандан кийин) төлөп жатышат. 1-майдан тарта 1 сом 64 тыйын жана 2 сом 87 тыйындан төлөй башташат (коммерциялык уюмдарды жана абоненттердин айрым категорияларын кошпогондо).
Кыргызстан 2025-жылы 19 миллиард 300 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды. Мунун 15 миллиард 400 миллион киловатт-саатын өлкө өзү өндүрсө, калган 3 миллиард 860 миллион киловатт-саат электр кубатын Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан сатып алган.