Жол эрежелерин одоно бузган айдоочулар жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулуп, жеринен сынак алынат. Тийиштүү мыйзам долбоору 24-февралда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында биринчи окууда талкууланды. Жол эрежесин одоно бузуу катары эсептелет деп 8 эреже бекитилген. Ошол 8 эреженин бирин бузган айдоочуга МАИ кызматкери 6 суроо берет.
– Планшет жол эрежелери боюнча суроолордун ичинен 6 суроону тандап берет. Айдоочу 4 суроого жооп берсе, анда протокол түзүлүп, өзү кете берет. Эгер жооп бере албаса, анда ошол жерден айдоочулук күбөлүгү алынат,- деди ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов. МАИ кызматкеринин сынагынан өтпөй калган айдоочуга 60 күнгө убактылуу күбөлүк берилет, ушул 2 айдын ичинде айдоочу айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен тапшырууга тийиш.
Жол эрежесин одоно бузуу деп бузулган унааны айдоо, унааны номуру жок айдоо, жол тескөөчүнүн тосконуна токтобой коюу, ылдамдыкты ашырып айдоо, жол чыракка баш ийбөө, тротуарда айдоо, каршы тилкеге чыгуу сыяктуу эреже бузуулар эсептелет.