Жакынкы Чыгыштагы согуштук кырдаал күчүндө турат. Азыркы учурда кооптуу болуп турган өлкөлөрдөгү Кыргыз жарандарын мекенине ташууга каралган алгачкы атайын каттамдын учактары 5-март күнү кечке маал келери күтүлүүдө (ред.: гезит басууга кетерде келе элек болчу). Сауд Арабиясынан алгачкы каттамда 217 жаран келмекчи. Ушундай эле каттамдар БАЭден, Омандан да келери маалымдалды. Ал жактагы миңдеген жарандар өлкөдөн алып чыгып кетүүнү айтып Кыргыз элчиликтерине кайрылышты.
Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерге жана кооптуу аймактарга барбоону, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону сунуштады. Ошондой эле өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү эскертүүдө.
ТИМ жарандарды азырынча Иранга, Израилге, БАЭге гана эмес, Ооганстан менен Пакистанга да барбай турууга чакырат. Расмий маалыматка таянсак, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө 22 миңдей кыргызстандык бар. Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңдей, Сауд Арабиясына ажылык сапарга барган 6 миңдей жаран учурда ошол жакта экени маалымдалды.