4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды көчөдөн токтотуп экзамен алуу коррупцияга жол ачарын билдирди.
Айтымында, жол белгилерин жетиштүү билбей, суроолорго жооп бере албай калган айдоочулар айып пулдан же жоопкерчиликтен качуу үчүн МАИ кызматкерине акча сунушташы ыктымал.
– Жол тескөөчүсү унааны токтотот, планшет менен айдоочуга суроолорду көрсөтүп, текшерет. Жеринде жооп бере албай калган айдоочу акча берет,- деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов депутаттын мындай божомолун четке какты. Айтымында, жол тескөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү толук көзөмөлдө болуп, кызматкерлер байкоо жүргүзүүчү камералар менен камсыздалат.
Өлкөдө жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды көчөдөн эле МАИ кызматкерине экзамен бердиртүүгө жол ачкан мыйзам сунушталган. Экзаменде 6 суроо берилет, анын төртөөсүнө жооп бере албаган айдоочу дароо айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Андай айдоочу күбөлүк алуу үчүн 2 айдын ичинде экзамен тапшырууга тийиш.
Гезит басууга кетерде ИИМ аталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алганы белгилүү болду.