Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын 4-мартта президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкүлчүлүктүн Инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбеков БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын өкүлү Олег Гучгельдиев баштаган делегация менен жолугушуп, анда климаттык маселелер талкууланды. Жасалма мөңгүлөр долбоорун облустун башка аймактарына жайылтуу макулдашылды. Андан соң алар Андарак айылындагы Айна-Таш капчыгайында жайгашкан жасалма мөңгүнү жеринен көрүп, анын учурдагы абалы жана топтолгон суунун көлөмү менен таанышты.
Баткен облусунда бул долбоордун алкагында жети жасалма мөңгү курулган. Алар Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайынды жана Лейлек районунун Айбийке, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Кыш мезгилинде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгону белгилүү болду.
Жасалма мөңгүлөр – кыш мезгилинде сууну топтоп, жаз жана жай айларында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү.