Өлкөдө жумуртканын баасы кескин кымбаттап, көпчүлүккө мунун себеби кызык болууда. Жумуртканын бир даанасы дүн баада 12 сомдон болуп жатканы кабарланууда.
Айыл чарба министрлиги баанын кымбатташына – жумурткага Казакстан менен Орусияда суроо-талаптын жогорулашы себеп, аталган өлкөлөрдө да баа кымбаттады деп комментарий берди. Министрликтин билдиришинче, Кыргызстан жумуртка менен өзүн 80 пайыз камсыздайт. 2025-жылдын октябрында аталган министрлик Кыргызстан өзүн-өзү 6 азык-түлүк менен толук камсыздай турганын жарыялаган. Алардын бири – жумуртка болчу. Андан тышкары өлкө картошка, сүт, эт, жер-жемиш жана кумшекер менен өзүн 100 пайыз камсыздай алат деп маалымдалган.
Министрлик жумуртканын кымбатташы тоок баккан фермерлер үчүн жакшы шарт түзгөнүн белгилейт. Былтыр жумуртка абдан арзан болгону, азыркы кымбаттоо фермерлердин калыбына келип алышына жол ачып жатканы айтылды.