60 жаштан кийин көптөгөн адамдар даам сезгич рецепторлорунун жарымын жоготушат.
Дүйнө жүзүндөгү эң кеңири тараган инфекциялык оору – тиштин кариеси.
Адамдын бою эртең мененкисин кечкиге караганда узунураак болот. Анткени түнкүсүн жатып эс алганда омурткалар түздөлүп калат да, эртең менен бой узара түшөт.
Адам көзү ачык туруп чүчкүрө албайт.
Адам денесиндеги эң күчтүү булчуң – бул тил.
Жалпысынан адамдагы эң чоң орган – тери болуп саналат. Ал эми ички эң чоң орган – боор.
Адамдын бөйрөгү 1 миллион микроскопиялык түтүкчөлөрдөн турат. Алардын узундугу (2 бөйрөктүкүн бириктиргенде) 65 километрге чейин жетет.
Колдун манжаларындагы тырмак буттукуна караганда 4 эсе бат өсөт. Ошол эле тырмак жайкысын тез, кышкысын жай өсүп калат.
30 жаштан кийин адамдын бою кичирейе баштайт.
Адам тамагы жок 30-40 күн жашоосу мүмкүн, суусу жок 3-5 сутка жашаса, абасы жок 6 мүнөт гана жашай алат.
Адам 1 сөз айтыш үчүн 72 булчуң иштейт.
Адам денесинде айланган кан бир суткада 97 миң километрге чейин аралыкты басып өтөт.
Дүйнөдө эң кеңири тараган гормоналдык оору – кант диабети болуп эсептелет.
Адамдын денесиндеги эң катуу зат – тиш эмалы.
Адамдын сөөгү кадимки курулуш материалы болгон бетондон 4 эсе бекем келет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду: