Ильяз кырсык каш-кабактын ортосунда экенине ынанды
№364 23-29-октябрь, 2009-ж.
Ырчы Ильяз Андаш борбордогу Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен кырсыкка кабылды. “Кырсык деген каш-кабактын ортосунда экен. Алдымдагы машинаны мынчалык катуу сүзүп алам деп ойлогон эмесмин. Жанымда досум бар болчу” дейт коркуп калган ырчы. Кудай сактап, ырчы жаракат алган эмес. Чоң чыгашага учураганын ата-энесинен жашырган ырчы сүзүп алган машинаны оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдан жаңы эле кутулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0