БЕГИМАЙДЫН БАЛДАРЫН САБАП КЕТИШТИ
№369 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
Эмгекчилдиги менен айырмаланган кыз Бегимай Бекбоева Талас өрөөнүндө гастролдоп жүргөн эле. Таластын Кара-Буура районуна концерт коюп барганда, Бегимай жаңы эле топко алган эки ырчы жигитти райондун балдары канжалата сабап кетишиптир. Ырчы жабыр тарткан балдарды ооруканага алып барып, убагында жардам көргөзүүгө үлгүргөн. Учурда балдардын абалы жакшы. Ал эми сабап кеткен балдардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан. Бегимай учурда жигиттердин сакаюусун күтүп, гастролун токтотууга аргасыз болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0