БАРДЫГЫ ФУТБОЛ ТУУРАЛУУ
№23900
Акча эч качан көп болбойт. Өзгөчө 35-37 жашында карьерасын аяктап жаткан көпчүлүк футболчулар үчүн. Ошондуктан, алар карьерасын аяктагыча жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө гана аргасыз болушпастан, жетекчиликтен чоң айлыкты да өндүрүп алууга умтулушат. Мыкты жана жолдуу оюнчулар миллиондогон долларга келишим түзүүгө жетишишет. Төмөндө дүйнөлүк жана Россиялык эң мыкты футболчулардын бир жылдык...
толугу менен
КОСТЯ ЦЗЮ ТАШТАНДЫ КОРОЛУНА АЙЛАНАТ
№23800

Костя бир нече жылдан бери асфальт заводунун менчик ээси болуп келе жаткан эле. Эми Россиянын Ульяновск шаарынын чет жагындагы таштанды жайды ижарага алып, чоң масштабдуу иштерди баштады. Костянын бул багытта түзгөн “Экологиялык технологиялар борбору” аттуу фирмасы азыр полигонду толук курчап бүтүп, таштандыны сорттоп чыгаруучу комплекстин курулушуна киришти. Костя буга 1 миллион доллар бөлдү.

толугу менен
КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА 4 АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ БОЛДУ
№23700
Өткөн жумада Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 20-чемпионаты аяктады. Бул мелдешке Кыргызстандан тышкары Япония, Кытай, Индия, Корея, Иран, Казакстан сыяктуу 21 өлкөнүн эң мыкты делген 200гө чукул улан-кыздары келип күч сынашты.
Чемпионат өтө кызуу өтүп, балбандардын өнөрүн кө­рүүнү самап келген спорт ышкыбоздорунун купулуна толду десек жаңылышпайбыз...

толугу менен
ӨТКҮР КУДАЯРОВ:«ЮГОСЛАВИЯДА БЕТТЕШКЕ 2 СААТ КАЛГАНДА 3 КИЛОГРАММ АРЫКТАГАМ»
№23500
Чоң спортко аралашканына 10 жылдан ашкан "Аташ" кличкалуу кикбоксчу Өткүр Кудаяров 1977-жылы 10-ноябрда Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган. Өткүр 10 жыл аралыгында кикбокс боюнча Евразия (2000-жыл, Украина), Дүйнө (2001-жыл, Югославия), Азия чемпиону (2003-жыл, Ташкент), Дүйнөлүк кубоктун ээси (2002-жыл) болууга жетишип, бир нече ирет дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарда күмүш, коло медалдарга ээ болууга татыган. Кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери...
толугу менен
ЕЛЕНА ИСИНБАЕВА
№23300
Елена Исинбаева 1982-жылы 3-июнда Россиянын Волгоград шаарында туулган. Таяк менен бийиктикке секирүү боюнча Олимпиаданын жана Европанын, дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Елена 2004-2005-жылдары «Жылдын жеңил атлетчиси» наамына ээ болгон эле. Эми минтип үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде 2006-жылдагы ийгиликтери үчүн “Жылдын дүйнөлүк спортчу айымы» наа­мына ээ болуп, «Оскар» сыйлыгына тете болгон «Laureus» сыйлыгына...
толугу менен
МАРАДОНА ООРУКАНАДАН ЧЫГАТ
№23200

Белгилүү футболчу Диего Марадона жакынкы убактарда ооруканадан чыгат. Ал 29-мартта денсоолугунун айынан өзүнүн мекени болгон Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги Гуэмес клиникасына жаткырылган болчу
.


Диегонун ооруканага жатканы жеке жашоосуна байланыштуу. Анткени, ал акыркы кездерде мурунку жубайы Клаудиа...


толугу менен
Ален Офойо: «СУПАЧАЙ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮМДҮ ЖЕҢИЛГЕНДИК ЭМЕС, ЖЕТИШКЕНДИК ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»
№23100

«Кара кыргыз» кличкалуу Ален Офойо 1982-жылы 1-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Бою – 1 метр 82 сантиметр, салмагы – 72 килограмм. Кикбокс боюнча Азия чемпиону (2003-жыл). Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана Кыргыз Республикасынын Президенттик кубогунун ээси (2007-жыл). Кикбокс боюнча эл аралык класстагы жана бокс боюнча спорт...

толугу менен
РОНАЛЬД РАЙТ
№22900
Рональд Райт 1971-жылы 26-ноябрда АКШнын Вашингтон шаарында туулган. Бою 1 метр 79 сантиметр. Чабуул коюу аралыгы 183 сантиметрди түзөт. Бокс боюнча дүйнөнүн жарым орто салмактагы абсолюттук чемпиону. Рингге бардыгы болуп 55 ирет чыгып, 51инде жеңип, 3 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан.
Рональд 16 жашка келгенде анын үйбүлөсү Флорида штатына көчүп барышат. Жаңы жерде жаш Рональддын таанышы...

толугу менен
МУСУЛМАН АЯЛДАРЫ СПОРТТО
№22800
ИСЛАМИАДА ЖЕ ХИДЖАБЧАН ЧУРКОО
Мусулман аялдар үчүн Олимпиадалык оюндар 1993-жылдан бери ар бир 4 жылда бир Ирандын борбору Тегеранда өткөзүлүп келет. Оюндун башкы максаты – мусулман аялдары да эркектер сындуу тең укукка ээ экендигин далилдөө. Мелдештин ачылышы менен жабылышында гана эркектер катышпаса, калган учурда жалаң аялдарды көрүүгө...

толугу менен
ШАРАПОВА МЕНЕН ШУМАХЕР СПОРТТОГУ “ОСКАРГА”КӨРСӨТҮЛҮШТҮ
№22701

Спорт жаатындагы “Оскар” сыйлыгына тете “Лаурэс Эуорд” сыйлыгынын номинанттары белгилүү болуп калды. Эркектер арасында ага бул сыйлыктын соңку эки жылдын ээси, дүйнөнүн эң күчтүү теннисчиси швейцариялык Роже Федерер, планетанын мыкты гольф спортчусу америкалык Тайгер Вудс, өткөн жылдагы дүйнөнүн жана Европанын мыкты футболчусу, мадриддик «Реал» жана Италия курама командаларынын...

толугу менен
КАНАТ БЕГАЛИЕВ: «АКШ МЕНЕН ОРУСИЯНЫН БАЛБАНДАРЫ МЕНДЕН ЖЕҢИЛГЕН»
№22600
Дүйнөлүк аренада кыргыздын туусун бийик көтөрүп, атын даңазалап келе жаткан спортчулардан уучубуз куру эмес. Ошолордун бири грек-рим күрөшү жаатында улам ийгилик жаратуу менен бийиктикке көтөрүлүп келаткан эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Канатбек Бегалиев экендигин эч ким тана албаса керек. Талас облусунун Бакайата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 1984-жылдын 14-февралында туулган ошол азаматыбыз менен маек курган элек. Эмесе сөз кезеги...
толугу менен
УЭЙН ГРЕТЦКИ
№22300
Уэйн Гретцки 1961-жылы 28-январда Канаданын Брэндфорд шаарчасында туулган.
Улуттук Хоккей лигасында 1465 матчка катышып, 894 шайба киргизип, 1962 ирет голго алып келген пас берген.
Беш ирет Стэнли Кубогун алган.
Анын «99» номерлүү кийими хоккейдин Атактуулар залына коюлган.
1999-жылдын 8-апрелинде 1962-акыркы натыйжалуу пас берүүсү менен Уэйн өзүнүн 21 жылдык спорттук карьерасын...

толугу менен
РУУД ГУЛЛИТ
№22100
“Учуучу голландец” кличкалуу футболчу Рууд Гуллит 1962-жылдын 1-сентябрында Голландиянын (Нидерландия) борбору Амстердамда төрөлгөн. Апасы голландиялык болсо, атасы Түштүк Американын Суринам өлкөсүнөн чыккан. Рууддун учурундагы оюн талаасындагы орду жарым коргоочу, чабуулчу болгон.
КИЧИНЕКЕЙ ЧЫГААН ОЮНЧУ
Голландия футболунун тарыхы эки «алтын муунду» билет. Биринчиси
70-жылдары жаркырап жанган...

толугу менен
“ЛИВЕРПУЛЬ” АРАБ ШЕЙХИНЕ САТЫЛУУ АЛДЫНДА
№22000
Англиянын «Ливерпуль» футбол клубу арабдарга сатыла турган болуп калды. Команданын аткаруучу директору Рик Пэрри мойнуна алгандай, команданын араб шейхи Рашид Аль-Мактубга сатылышы жакынкы мезгилде расмий түрдө катталып жарыяланат. Бул келишимдин алкагында шейхтин атынан «Дубай Интернешнл Кэпитал» компанияларынын тобу клубга 882 миллион доллар...
толугу менен
Теннисчи жубайлар: ШТЕФФИ ГРАФ & АНДРЕ АГАССИ
№21900
Жакында эле теннисчи жылдыздардын үй-бүлөсү Штеффи Граф менен Андре Агасси чоң спортко кайрылып келээрин билдиришти. Андан мурда теннисчи жубайлар Жаз аттуу кыздуу болушкан. Агасси кызын колго алып, Штеффи менен беш, кудай берсе алты балалуу деле болууну каалагандыгын айткан.
Эки супер теннисчинин сүйүү баяны Штеффи 32, ал эми Агасси 31 жашка келгенде башталган. Алгач, гезиттерде лондондук ресторандардын биринде экөөнүн өбүшүп жаткан сүрөтү жарыяланган. Бирок, сүрөттөр журналисттердин...

толугу менен
2006-ЖЫЛДАГЫ БИЗДИН МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРЫБЫЗ
№21700
Кыргызда не деген мыкты спортсмендер бар. Аларга мамлекеттин тиешелүү деңгээлдеги колдоосу менен олигархтардын акчасы гана жетишпейт, болбосо бизден ондогон эмес, жүздөгөн чемпиондор чыкмак. Өтүп жаткан ит жылында ийгилик жараткан спортсмендерди кубаттап коштоп туруу жалпыбыздын парзыбыз. Андыктан, жыл соңунда төбөсү элге көрүнүп, эл оозуна алынып калган айрым спортчулардын ийгиликтери тууралуу сөз учугун козгоп коюу ашыктык кылбас.
толугу менен
СУМО - СУПЕР ООР САЛМАКТАГЫЛАРДЫН ОЮНУ
№21300
Япондордун улуттук күрөшү болуп саналган сумо күн өткөн сайын көптөгөн адамдарды кызыктырып, магнит сымал өзүнө тартууда. Илгери бул спорттун түрү менен япон императорунун кол астында тандалган эркектер гана машыгып, өнөрлөрүн элге тартуулап келиш-кен. Бүгүнкү күнү болсо Япониянын эркектеринен тышкары дүйнөнүн булуң-бурчтарынан чогулган бука моюн, буура сан балбандар...
толугу менен
Митал Шарипов: «18 ЖАШЫМДА СССРдин ЧЕМПИОНУ БОЛГОМ»
№20920


Оор атлетика боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери, бир канча жыл Кыргызстандын курама командасынын лидери болуп келген Митал Шарипов1972-жылы Таластын Карабуура районунун Көксай айылында туулган. Эгиздин түгөйү. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Жогорку билимдүү. Үйбүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

толугу менен
ДОН КИНГ–ПРОФЕССИОНАЛДЫК БОКСТУН КОРОЛУ
№20700
Адамзат жактырган спорттун бири – профессионалдык бокс. Ошол профбокстун чоң рингине адамдарды магниттей тартып, беттешүү алдында түрдүү ажиотаждарды жаратууга зор салым кошкон промоутерлердин (уюштуруучу) бири дал ушул Дон Кинг экенин эч ким тана албайт. Эмесе, 500гө жакын чемпиондук беттешүүлөрдү уюштуруп, Гиннестин рекорддор китебине кирип, 90дон ашык мушкерди миллионер кылган легандарлуу Дон Кингдин кантип...
толугу менен
Эмил Токтогонов: «БАБАЛАРЫМДЫН АРБАГЫ АЛГА СҮРӨЙТ»
№20500

“Шаман” кличкалуу эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Эмил Токтогонов 1982-жылы Кочкор районунун Карасуу айылында туулган. Таэквандо, кикбокс, тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону. Панкратион боюнча Евразиянын (2006) жана Азиянын (2002) чемпиону. Тайбокс боюнча Казакстандын президентинин кубогунун ээси (Алматы, 2004). Бүтпөгөн жогорку билимдүү. Үйбүлөлүү, бир кыздын атасы.

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: