|
|
№223 0 2
«Бири кем дүйнө» демекчи, кээ бир адамга жараткан талант бергени менен тагдырын тайкы кылса, кээсине байлык бергени менен жан- дүйнөсүн сокур кылып коёт тура. Кеп жайкысын ЦУМдун, кышкысын филармониянын жанындагы жер алдындагы өткөөлдөрдө буту менен сүрөт тартып келаткан, тагдыры тайкы болсо да талантка бай, жандүйнөсү аруу Төлөн байке жөнүндө болмокчу. Аны аталган жерден учуратып, көбүнчө алыстан кайдыгер карап өтсөңүз керек. Бирок, ал кишинин да өз тагдыры, арманы, келечекке деген аруу тилеги бар экендигин, убагында үйбүлөсү болгонун, азыр уулу он алты жашта экендигин билбесеңиз керек. толугу менен №219 1 0
Бишкектин так борборунда жайгашкан жер астындагы өткөөлдүн чыга беришинде майыптардын коляскасында отуруп алып майда-бараттарды сатып, өз оокатын өткөргөн бир инсанды көп байкачумун. Керээлден кечке жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаар суук күндөрүнө да карабай ушул жерден карыш жылбайт эле. Ары-бери өткөн сайын, анын жарым жан экендигине муңайбай, кабагын да түйбөй иштеп отурганын көрүп мүнөзүнө баа берчүмүн. Акырында анын жашоосуна болгон кызыгуум аны менен болгон... толугу менен ![]() №218 0 0
Буулуга бышактап турган кичине кыздын арыраакта көз жашын кылгырткан өзүнүн сүйүктүү апасынан, атасынан көзү өтүп баратты. «Мени алып кеткилечи» деп жатты жаштуу көздөр. Ал эми атасынын көз алдына өткөн үндөрдүн элеси тартылып жатты. Мындан алты жыл мурун таптакыр дал келбеген эки адам – өзү менен келинчеги үйбүлө курган эле. Наристелүү да болушкан. Бирок... толугу менен №217 0 1
Адамдар бактыга кабылган убагын сезе беришпейт дешет. Ушул Жаңы Жылда өз бактысын аз жерден жоготуп коё жаздаганын Касым да сезе бербеген. Жаркыраган Жаңы Жыл күнү кайрадан өз бактысын таап, куттуу конушуна конгондо гана жаңылыштыгын түшүндү... КҮТҮҮ Жаңы Жыл... Көчөдө, алтургай, ар бир үйдө майрам. Бирок, бул Жаңы Жыл Жанара үчүн майрам эмес, жалгыздыктын, кусалыктын күнү болчу... толугу менен ![]() №216 9 4
Бул окуяны окуп мени түшүнбөй күнөөлөгөндөр же болбосо «ай байкуш» деп боору ооругандар чыгышы мүмкүн. Бирок, мага элдин аянычынын да, түшүнүүсүнүн да кереги жок. Болгону жандүйнөмдө оозу туюк жарадай кыйнаган сырымды айтып, бугумдан арылуу үчүн сиздерге келдим,- деп баштаган келин азга тынып турду да ойлуу сөзүн улады. Биздин үйбүлөдө эки гана кыз элек. Атабыз көп жыл мурун кайтыш болгон. Караан тутканыбыз жалгыз апабыз бар. Ушундан уламбы... толугу менен №214 2 0
Илгертен ар бир үйбүлөдө ата-эне менен балдардын ортосунда келишпестиктин боло жүрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бала ата-энеге кубаныч гана тартуулабастан, кээде кайгы-касирет да алып келиши мүмкүн. Ошондой күйүтү ичине батпай келген ата-энелердин арыз-арманын угуп, газета бетине жарыялап коюуну туура таптык... толугу менен ![]() №213 8 4
Кийинки кездерде кыздардын актуалдуу маселесине айланган кыз-дык тиктирүү (гименопластика) жөнүндө кенен изилдөө үчүн атайын адиске жол тарттым. Коридордо өз кезегин күтүп турган кыз-келин-дер көп. Бирок, мен адиске жолуга электе эле бардык суроомо жооп берген адам менен маек кураарымды билген жок элем... КЕЛИН ЖАНА КЫЗ Отургучка отураарым менен жанымда турган келин менен... толугу менен №212 2 1
... Жалгыздыкка аргасыз баш ийип, күн кечирип жашап келгениме көп убакыт болду. Антсе да аны менен өткөргөн бактылуу күндөрүм күнү бүгүнкүдөй көз алдыма элестейт. Ошого каниет алып, ошону менен сооронуп калам...- деди оор улутунган бийкеч. КУНАРСЫЗ КҮНДӨР Ошол жыл, ошол күн азыр да... толугу менен ![]() №211 2 0
Кол кармаша бири-бирине бактылуу жылмайган эркек менен аял мындан бир топ убакыт мурун турмуштун эки жээгиндеги адамдар эле. Тагдырдын оош-кыйыш жолдорунда экөө кечигип кездешти. Анда кеп башынан болсун...БАКТЫСЫЗ КҮНДӨР Башы зыңылдап ооруп турган Мелис ордунан туруп жан жагын карады. Парктын бир бурчунда көк чөпкө жатып калган экен. Колдорун араң... толугу менен №209 4 -1
Жаштыкты адамдын өмүрүнө бир келүүчү ажайып жаз катары эсептешет. Бирок, мен ошол жаштыгымды арман толгон күндөр менен өткөрөм деп ойлобогом. Акыркы кездерде мен өзүм менен өзүм күрөшкөндөн да чарчадым... Бардыгынан көңүлүм калды. Болгон өтүнүчүм мени туугандарым да, менин жүрөгүмдү ээлеген адам да туура түшүнсө дейм... Оор дем алган жаш жигит сөзүн ушинтип баштады. толугу менен ![]() №208 4 4
«Сүйүү дарты өлтүрбөгөнү менен айыкпайт» деп айткан сөздүн калети жок белем. Алдымда отурган жигиттин купкуу жүзүнөн, кунары өчүп кайдыгер караган көздөрүнөн азыр ал үчүн жашоонун кызыкчылыгы жок экени байкалат. Тагдырдын ача жолунда сүйгөнүнөн айрылган бул жигиттин мындан бир ай мурун үйлөнүү тою болмок эле. Бирок... толугу менен №206 4 0
Анын карааны алыстап бара жатты. Шалдайып артынан карап турган Данияр эрдин тиштеп даракка сүйөнө калды. Көзүндө өкүнүч да, жоготуу да, тымызын катылган сагыныч да бар эле. Бирок, бул жашоодо экөөнүн жолу эки башка болчу. Аны мындан мурун тээ алгачкы жолукканда эле билген. Ошентсе да көкүрөгүндөгү тымызын үмүт менен жашап келбеди беле... толугу менен ![]() №205 5 2
«Бул жашоого келген аялдын башкы парзы жар сүйүп, бала эркелетүү болсо керек. Мен болсо ошол эки бакытыман тең кол жууп, куру жалак калган бактысыз жанмын. Антсе да беш жылдан бери жан жолдошума айланып калган жалгыздыктан кутулуума бир гана жол чыгып, учурда ошол жаатында бушайман болуп жүргөн кезим...» деп башталган экен кат. Анда эмесе, кат ээсинин көкүрөгүндөгү буккан сырын биз сиздер менен тең бөлүшмөкчүбүз. толугу менен №204 2 5
«Бала... Жашоого келген ар адамдын артында калтыраар изи бала да. А менин боор этим менен тең болгон баламды бир шаарда туруп жүзүн бир көрө албай жүргөнүм кандай азап...» Жолдо темтеңдей басып бара жаткан жигиттин оюна ушулар келди. Көчөдө ойноп отурган кичине балдарды көрүп, жанына баргысы, куса кылган бала жытын искегиси келет. Кайгысы тула боюн каптап, мас адамдай... толугу менен ![]() №203 1 2
Аялдамага жакындай берген кийимдери кир, өңү жүдөңкү адамды көпчүлүк жактырбай карап жатышты. Өзү деле элден жалтаңдап бүткөн бомж бүжүрөй келип, четки отургучта отурган келиндин жанына отура кетти. Өңүнө бир көз жүгүртүп алган Аида кумсарып кетти. «Оо, Кудай, чын эле Мелиспи? Ушундай абалга жеттиң беле, шордуум?» Алдындагы бомж өзүнүн мурдагы күйөөсү экенине ишене албай телмире карап тура берди. Көз алдында өткөн күндөр... толугу менен №201 4 1
... Жашоодо үмүт, ишеним, сүйүү алдыга жетелейт экен. Бир кездерде мен дагы сүйгөнүм менен түбөлүк бирге болуудан үмүтүмдү үзүп койгон учурум болгон. Бирок, менин сүйүүм алдыдагы кыйынчылыктын бардыгын жеңип, мени бактылуу күндөргө жетеледи. Балким, менин тагдырым кимдир бирөөгө сабак болоор деген ишенимде сиздерге кайрылдым. Ошол күз менин жадымда түбөлүк сакталып калды. Анткени, ошол күздө апам экөөбүздүн тилегибиз ишке ашып, мен институтту... толугу менен ![]() №200 1 2
Базардын чекесиндеги дүкөндө таң заарда жумуш ушинтип башталды... Жашы али отузга толуп толо элек, а бирок, канчадан бери жуумак түгүл тарак тийбей, жедеп түйдөк болуп калган чачын ак басып, арак менен ысык-суукка өңү каракөк тартып, эриндери кеберсиген жапжаш келин баш бакты. Көздөрүн жалдыратып, жалооруй кирип келаткан келинди көрүп эле дүкөнчү: “Дагы келатасыңбы?! Көзүмө көрүнбөй жоголчу!..” дегендей эриндерин кымтылана кыжыры келип, акшыя карады. Аны түшүнө койгон келин ансайын жалдырай тиктеп,... толугу менен №199 2 2
Таң менен кошо келген муң Жадыраган жайдын таңы. Шаар сыртындагы бак-шакка чөмүлгөн дача. Ортодо жайгашкан үйлөрдүн биринен узун бойлуу, ак жуумал, сулуусымак жаш келин чыга келди. Бул таң тосууну жакшы көргөн Гаухар эле. Жапжашыл тегеректи суктана карап алып, алма бакты көздөй басты. Кызарып быша баштаган алмалардан үзүп жатып, жүзүн муң чулгай түштү. “Таежем бүгүн да келбей калса кызым экөөбүз жалаң алма менен жан сактайбызбы? Мен го эптеп чыдайм дечи, кызым кантет?... толугу менен ![]() №198 5 1
– Өмүрдө жакшы көргөн адамыңдан ажыраган оор нерсе экен. Ал эми жаныңдын жарымы болгон адамдан өз эркиң менен ажыраш андан да оор. Ошол окуядан бери жүрөгүмдү канжалаткан дартымдын дабасын таба албай кыйналып келем... - деп акырын сөз баштады кыз. Ошол күнү мен окууга шашып бара жаткан элем. Көчөдө машиналардын көптүгүнөн баш адашат. Көпчүлүктүн агымынан машинам менен ... толугу менен №197 2 5
Кыйма-чийме жолдор... Бул тагдыр жолунда кимдер гана жаңылбаган, мүдүрүлбөгөн. Ошол жашоосунан жаңылгандардын арасында ал дагы бар эле. Эч нерсе менен кайрып ала албаган оор жоготуу да дал ошол жаңылыштыктан келип чыккан болчу. Кайгысын өз боюнан алып сала албай, канчалаган жылдан бери жан-дүйнөсү жанчылып келаткан жигит бул жолу да жалгыз даракка сүйөнө өзү менен өзү сүйлөшүп жатты... толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |