|
![]() №333 ![]() ![]() Адамзатынын бирден-бир байлыгы – эркиндик. Ал эми тагдырдын ар кандай сыноолорунан улам эркиндиктен ажырап, абакта күн кечиргендер да бар. Бүгүн ушул жаатында кеп козгомокчубуз. Болгондо да гүлдөн назик болгон абактагы аялзаты туурасында. Буга белгилүү продюсер Назгүл Насиеванын №2 аялдар колониясында сулуулардын сынагын өткөрүүсү түрткү болду. толугу менен ![]() №333 ![]() ![]() Турмушка чыга элек кыздардын боюна бүтүп калган учурларды угуп-көрүп эле келебиз. Анан ал кыз «атасы жок төрөп койсом эл эмне дейт? Алдыртсам экинчи төрөбөй калсамчы?» деген ойлор менен алпурушуп кыйналары талашсыз. Дегеле бул көрүнүшкө ким күнөөлүү? Мындай суроолорго жооп табуу аракети менен бүгүн редакцияга бир нече адамды чогулттук. толугу менен ![]() ![]() №332 ![]() ![]() Акыркы кездерде кыз-келиндерден тышкары, сойкулук менен кең далы, кер мурут эркектер да алектенип жүрүшкөнүн угуп жүрөбүз. Жеңил акча табуу менен күн кечирип, кыз-келиндердин каалоосун акчага баалап жүргөн эркек сойкуларды өз көзүбүз менен көрүп, чын-бышыгын билүү максатында иликтөө жүргүздүк. толугу менен ![]() №332 ![]() ![]() Бүгүнкү күндө баарын сатып алууга болот. Жадакалса денени жыргалга батырган лаззатты да. Мындай кеп башталса эле көпчүлүк сойку аялдарды элестетишет. Бирок биз жигиттер тууралуу кеп кылмакчыбыз. Акча үчүн айымдардын каалоо-тилектерин аткарып, май көл, сүт көлдө өмүр сүргөн “жиголо”, “гейш”, “хастлер”, “чакырык боюнча балдар” же бизче айтканда эркек сойкулар тууралуу билгиңиз келеби? Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз. толугу менен ![]() ![]() №330 ![]() ![]() Учурда жаштарыбыздын көпчүлүгү эстрада ырчыларын кумир тутуп, алар кийингендей кийинип, алар сүйлөгөндөй сүйлөөнү жактырышат. А бирок жаштардын ошол эстраданы түптөгөндөр кимдер экенинен кабарлары жок. Андыктан кыргыз эстрадасынын тарыхынан кыскача маалымат. толугу менен ![]() №330 ![]() ![]() Илгертен эле эң керектүү кесиптердин катарына өтүкчүлүк да кирет. Акча тартыш болуп турган учурда көпчүлүк жаңы бут кийим сатып алуунун ордуна эскисин оңдотуп алууну туура көрөт эмеспи. Сыдырмасы бузулган, таманы тешилген же бир жери сөгүлгөн бут кийимдерге экинчи жашоо берген өтүкчүлөр тууралуу маалымат алууну чечтик. толугу менен ![]() ![]() №329 ![]() ![]() ...Ата Мекен, өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз, Ата Мекен, өзүңдү өмүр бою сактайбыз... Ар бир атуулдун жүрөгүндө Ата Мекенине болгон чоң сүйүү бар. Жашоодо кандай гана кырдаал болбосун, эли-жери үчүн жан берем деген жоокерлер арабызда жашап келишет. 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата баш калаадагы Ала-Тоо аянтында мамлекеттик желекти кайтарган жоокерлер тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк. толугу менен ![]() №328 ![]() ![]() Кийим тигүү үчүн эмне керек? Албетте, ириде кездеме, кайчы, ийне-жип. Бирок биз бүгүн сөз кыла турган айымга алардын зарылчылыгы жок. Бабалардын эзелтеден келе жаткан кол өнөрчүлүгүн улантып, жүндөн даярдалган кийимдери менен мен деген заманбап модельерлерди таң калтырып келе жаткан бул айым эч кандай жип-шуусуз кийим тигет экен. толугу менен ![]() ![]() №328 ![]() ![]() 2009-жылдын 15-февралында Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылганына 20 жыл болот. Бул согушка катышкан жоокерлерибиздин эсинен алаамат оту жанган көз ирмемдер менен оогандын ичине сыр каткан тоолору, баласын жоготкон энелердин көз жашы кетпей келет. Тарыхта кара так менен калган Ооган согушу тууралуу эскерүү назарыңыздарда. толугу менен ![]() №326 ![]() ![]() Саналуу күндөрдөн соң Кыргызстандын желеги профессионал рингде дагы бир ирет желбиремекчи. Анткени кыргызстандык Алмазбек Раимкулов 7-февралда кезектеги беттешин өткөрөт. Атактуу мушкерибиздин рингге чыгарын угар замат дароо интернет аркылуу байланышканбыз. Беттешке кызуу даярдык көрүп жаткан мушкерибиз убакыт таап, биз менен байланышып, беттешке карата даярдыктары жана жеке жашоосундагы соңку жаңылыктары тууралуу айтып берди. толугу менен ![]() ![]() №326 ![]() ![]() Булоолонуп бышкан ысык нан, анын буркураган керемет жыты кимдин гана шилекейин агызбасын?! Айрыкча ачка болуп турганда таңдайыбызга нандын даамы биринчи келет эмеспи. Дүйнөдө канчалаган түрлүү нан бышырылат. Ал эми биз, азиялыктар, укмуштай даамдуу тандыр наны менен сыймыктанып келебиз. Анда сөз түрмөгүн ушул тандыр нан тууралуу чубайлы... толугу менен ![]() №326 ![]() ![]() Азыр эмгектеген бала да көзүн кызарткан оюнчук, шилекейин агызган балмуздак акчага келерин айттырбай байкап, тили чыкканда эле акчаны жатка билип алат. Бардык адамдарды өзүнө байлап, баш ийдирип алган бул нерсе – адамзатынын эң сонун ойлоп табууларынын бири. Жөнөкөй эле төрт бурчтуу кагаздар, тегерек тыйындар каалаган убакта каалаган буюмга айлануу, адамдарды өзүнө чексиз баш ийдирүү күчүнө кайдан ээ болуп алган? Дегеле акча качан, кайда, кантип пайда болду эле?.. толугу менен ![]() ![]() №325 ![]() ![]() Учурда баш калаабыздын көчөлөрүн күн сайын орто эсеп менен 120 миң машина таптайт. Ушул эле убакта күнүнө Бишкекке 70-80 машина чет жерден ташылып келинет. 1-январдан баштап чет жактан алынып келинген машиналардын бажы төлөмдөрү кымбаттады. Мына ушул маселе тууралуу макала төмөндө... толугу менен ![]() №323 ![]() ![]() Жагымдуу маанай, күлкү тартуулаган оюн-зооктордун булагы болгон циркте жаныбарлардын кишилер менен тил табышып, алардын айтканы менен болуп жүргөндөрү жаш балдар эле эмес, бардыгыбыз үчүн кызык. Ар бир жаныбардын мүнөзүн сезе билген үйрөтүүчүнүн кесиби тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн учурда Бишкекте жүргөн Москва циркинин жолборс үйрөтүүчүлөрүнө кайрылдык. Алар Орусиянын белгилүү жаныбарларды үйрөтүүчүлөрү – Багдасаровдордун династиясы. Бул династиянын өзгөчөлүгү жалаң жолборстор менен иштешкенинде. Михаил Ашотович Багдасаров кезегинде СССРдин Эл артисти болсо, балдары Карина жана Артур Багдасаровдор учурда Орусиянын Эмгек сиңирген артисттери. толугу менен ![]() ![]() №322 ![]() ![]() Аяздан колу-бутуң чымырап үшүп, үйгө кирип келериң менен жагымдуу жылуулукка чулгансаң кандай гана рахат! Бирок, жылдан-жылга эле ушундай рахаттын баасы кымбаттагандан кымбаттап баратат... толугу менен ![]() №322 ![]() ![]() Ар бир жыл ар кандай окуяларга бай эмеспи. Андыктан, жыл аягында арт жакка кылчая карап, эмне окуялар болгону тууралуу жыйынтык чыгарабыз. Ошол эле кезде “келерки жылы бизди эмнелер күтөт?” деген суроо кызыктырбай койбойт. Бул жаатында Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек. Алардын 2009-жылга карата божомолдору төмөнкүчө болду... толугу менен ![]() ![]() №321 ![]() ![]() Кылымдар бою жашап келе жаткан ак көңүл, жаш балдардын каалоо-тилегин орундаткан сыйкырчы, чоң куржун асынган Аяз ата ким? Анын мекени кайда? Башка өлкөлөрдөгү аталышы кандай экени сизге кызыкпы? Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз... толугу менен ![]() №321 ![]() ![]() Тынчы жок Чычканды дагы он эки жылга узатып, «мына-мына кирип келем» деп учурда Уй босогодо турган кез. Бул жылды тосуп алардын алдында биз артка кылчайып, акыркы 80 жыл аралыгында дүйнө жүзүндө, күнөстүү мекенибизде Уй жылдарында кандай иштер, окуялар болгондугуна көз чаптырдык. толугу менен ![]() ![]() №320 ![]() ![]() «Оо, арман, арман, арман, арман, Бул дүйнө кимден, өтүп кимден калган? Ааламда эмне кыска? Өмүр кыска, <Кызыгын бир көрсөтүп колдон алган», - деп Түгөлбай Казаковдун ыр саптарында айтылгандай, сапары карып бараткан 2008-жылы кыргызым бир эмес, бир нече дөө-шааларынан ажырады. Ушул жылы Чыңгыз Айтматов, Асанхан Жумахматов, Дооронбек Садырбаевдер баш болгон эмгеги опол тоодой инсандарыбыздан айрылдык. Анысы аз келгенсип, бортуна 90 адамды салган учак кырсыкка учураса, бир жагынан жер силкинип бүтүндөй бир айылды апаатка туш кылды. Какаганга муштаган болуп, суусу молдугу менен сыймыктанган мекенибизде суу жок, жарыксыз калдык. Ошентсе да, кирип келген жаңы жылыбыз «жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун» деп тилек кылалы. толугу менен ![]() №320 ![]() ![]() Ыңаалап ыйлаган наристенин керемет үнү кимге гана бакыт тартуулабайт. Мына ошол бакытка алгач акушерлер бөлөнүп, бул жарык дүйнөгө келген наристени биринчилерден болуп колуна алышат эмеспи. Эне менен баланы бир бүтүн кылып байланыштырып турган киндикти кесип, жарыкка келген балага өз алдынча жашоого биринчи көмөгүн берген да акушерлер. Адатта акушер дегенде бул кесиптин ээлерин аялзаты катары элестетишет. Бирок, алардын катарында аялзатынын эң эле оор түйшүгү – эне болуу түйшүгүн эң жакшы сезе билген эркек акушер-гинекологдор да бар. Биз сөздүн ток этер жерин ошол эркек акушерден баштайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз баш калаанын №4 шаардык перинаталдык борборунун акушер-гинекологу Тимур Абдушахманов болмокчу. толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|