|
p
1-октябрь, 1970-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев туулган![]()
КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1993-жылы "Ош-Интур" туристтик фирмасынын директорунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин – Кыргыз өлкөсү боюнча “MalabarTradingGoLTD” компаниясынын директорунун орун басары; 1999-2000-жылдары – "Талас-Ош" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары; 2002-2003-жылдары – "Ош-Арагы" ЖЧКсынын жетекчиси; 2003-жылдан 2004-жылга чейин - "Алтын-Суу" АК башкармалыгынын төрагасы; 2004-2008-жылдары – "Даннур-Юг" ЖЧКнун директору; 2005-2008-жылдары – "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсынын башкы директору; 2000-2005-жылдары – Ош облустук кеңешинин депутаты; 2007-2008-жылдары – Ош шаардык кеңешинин депутаты; 2008-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; 2010-жылдын октябрында "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү. 2015-жылы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка шайланган.
(55 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|