p

2-июль, 1982-жылы Ырчы Замир Мырза төрөлгөн

Кыргызстан
Кыргыз эстрада ырчысы, ОшМУнун окутуучусу Замир Мырза Ош шаарында төрөлгөн. ОшМУнун искусство факультетинин пианино бөлүмүн, кошумча кыргыз үйлөмө аспаптары (кыргыз улуттук аспаптары) боюнча бөлүмүн 2004-жылы аяктаган. 
Замир Мырза эң биринчи жолу 2001-жылы “Махабат” аттуу ыры менен студенттик “Ала-Тоо жазы” фестивалында чыгып, баш байгени алган. Ошондой эле "Ош азем түндөрү” фестивалынын 2000-2001-жылдарынын лауреаты. Ал эми “Жалал-Абад, Шамшыкал азем түндөрү-2003” сынагында 1-орунга ээ болгон. “Айкөл-2006” фестивалынын лауреаты жана 2-орундун ээси, “Чолпон жылдыз” фестивалында лауреат. 
Замир Мырзанын алгачкы альбому 2002-жылы чыккан. 2-альбому “Танец под дождём” деп аталса, 3-альбому “Армандуу сүйүү”, 4-альбому “Сүйүүгө таазим”, 5- альбому “Ашыгам” деген аталыштарда болгон.
2007-жылы кино жаатындагы биринчи дебюту “Кайып булак” көркөм тасмасында болгон. Бул киного жаздырылган “Биз бакытты издедик” саундтрегин Неля менен биргеликте аткарып, чыгармачылыгында эң ийгиликтүү ырларынын катарына кошулган.
  (43 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: