p

28-февраль, 1958-жылы V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева туулган

Кыргызстан
V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча, 1998-жылы ошол эле жогорку окуу жайын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Айнуру Алтыбаева 1979-1997-жылдары Ош областынын аткаруу комитетинде ар кыл кызматтарда иштеген. Ал эми 1997-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип, 2006-2007-жылдары "Ата ЛТД" ЖЧКсынын директору болгон.
Айнуру Алтыбаева 2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консултанты, ал эми 2010-жылы "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы жана "Биримдик Кыргызстан" демократиялык партиясынын төрайымы болуп шайланган.
2010-жылдын октябрь айында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
  (68 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: