|
p
14-июль, 1957-жылы V чакырылыштагы "Ар-Намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова туулган![]()
V чакырылыштагы "Ар-Намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун "окумуштуу-агроном" адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз жер кыртышын илимий изилдөө институтунда (ЖКИИ) лаборанттык кызматтан баштаган. 1985–1988-жылдары – улук лаборант, агроном, андан кийин ЖКИИнин улук агроному, илимий кызматкери. 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Геология институтунда, андан кийин "Социализм" совхозунда сугат эсепчиси болуп иштеген. 1991-жылы – Кыргыз ССРнин Географиялык коомунда окумуштуу-катчы. 1992–1995-жылдары – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда "Мөмө-жемишчилиги жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү" кафедрасынын ассистенти. 1995-жылы – Кыргыз Республикасынын УИА ботаникалык бакчасынын ("Өсүмдүктөрдүн физиологиясы" лабораториясы) кенже илимий кызматкери. 1996-жылы – Кыргыз Республикасынын УИА илимий кызматкери. 1999-жылы – "Ар-намыс" саясий партиясынын мүчөсү, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча партиянын координатору, андан кийин партиянын төрагасынын орун басары. 2001-005-жылдары – "Азем" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси. 2008-жылы – "Табият" экологиялык кыймылынын менеджери. 2010-жылдын апрелинде Убактылуу Өкмөттүн тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2010-жылдын октябрында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан – "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|