p

28-июнь, 1956-жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Салимов төрөлгөн

Кыргызстан
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Салимов Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы өндүрүштөн ажыратылбай туруп, Фрунзедеги советтик соода техникумун “техник - коомдук тамак-аштын технологу” адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Юриспруденция факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1972-жылы ашпозчунун үйрөнчүгү катары баштаган.
1995-жылы “Мадина” ПКФ директору болгон. 1998-жылдын 28-майынан 2010-жылдын ноябрына чейин “Мадина” ЖЧК башкы директору болуп турган.
1998-жылы демилгечилер тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын талапкерлигине көрсөтүлгөн.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын талапкерлигине көрсөтүлгөн.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 10 жылдыгынын урматына жана Кыргызстанда жашаган элдерди бириктирүү үчүн КР Президентинин Жарлыгы менен III даражадагы “Даңк” медалы менен сыйланган (2001-ж.). “Бишкек шаарынын 2002-жылдагы мыкты ишкери” сынагында II орунду ээлеген.
  (69 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: