p

15-февраль, 2013-жылы Орусия, Башкортостан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн

Дүйнө
Орусиянын Тюмен, Курган, Свердлов, Челябинск облустарына жана Башкортостан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн.
Орусиянын Челябинск шаарына жакын жерде жарылган метеориттин толкунунан улам 1613 киши жабыр тартып, мамлекетке 1 миллиард рублга чейин материалдык чыгым алып келген.
НАСАнын маалыматы боюнча диаметри 17 метр, салмагы 10 миң тоннадай болгон метеорит Жердин атмосферасына 18 км/с ылдамдыкта кирген. 32,5 секундадан кийин метеорит атмосферанын жогорку катмарында чачырап жарылган. 
Дал ушул метеорит Жерге түшкөн асман телолорунун арасынан Тунгусс метеоритинен кийинки эле эң чоң деп саналат.
  (13 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: