|
p
18-август, 1955-жылы Кыргыз Республикасынын 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев төрөлгөн![]()
Кыргыз Республикасынын 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Фрунзеде туулган. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган). Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР ИА физика институтунун аспирантурасын аяктаган.
1981-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы. 1985-1996-жылдары – Кыргыз Мамлекеттик университети, ага окутуучу, доцент, физика факультетинин профессору (негизги иши менен сыйыштырып иштеген). 1993-1996-жылдары – Эйндховен Технологиялык университети (Голландия), чакыруу менен барган профессор. 1996-2005-жылдары – Кыргыз-Орус Славян университети, табигый-техникалык факультетинин профессору, лаборатория башчысы. 1996-1999-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, башкы аткаруучу директор. 1999-2002-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, вице-президент. 1997-жылы – КР УИА "Жалын" Илимий-инженердик борбору, лаборатория башчысы. 1997-жылы – Нидерланды падышалыгындагы КРнын ардактуу консулу. 2000-жылдан – 2006-жылдын апрель айына чейин – "Менин Өлкөм" партиясынын координатор-лидери. 2000-жылы КР ЖК шайлоосунда партиянын тизмесинде алгачкы болуп турган. Шайлоодон кийин депутаттык мандаттан баш тарткан. 2001-жылдын 22-августунан – 2004-жылдын 7-февралына чейин – КР президентинин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өкүлү, атайын өкүлү. 2001-2005-жылдары КРнын Ооганстанга – экономикалык жактан жардам берүү өкүлчүлүгүндө атайын өкүл. 2002-жылдын 30-майынан 2005-жылга чейин – экономикалык маселелер боюнча КРнын вице-премьер-министри 2005-2006-жылдары – "Инвестициялык тегерек стол" коомдук уюмунун башкы директору. 2006-жылдын декабрынан баштап 2011-жылга чейин – инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча европалык өнүктүрүү банкында башкы кеңешчи 2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан. 2011-2012-жылдары экономика жана инвестиция боюнча КРнын вице-премьер-министри. 2012-жылдын 24-августунан 6-сентябрга чейин – экономика жана инвестиция боюнча КРнын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу. 2012-жылдын 6-сентябрында КРнын биринчи вице-премьер-министри, ал эми 2014-жылдын 4-апрелинде КРнын премьер-министри болуп дайындалган. 2015-жылы 23-апрелде Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирген. 24-апрелде Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кызматтан бошоткон.
(70 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|