p

1-март, 2013-жылы “М-Вектор” компаниясы өлкөдөгү ММКлардын рейтингин жарыялап, "Супер-Инфо" гезити 3 тармак боюнча гезит-журналдар арасында 1-орунду алган

Кыргызстан
Бишкек шаарында “М-Вектор” иликтөө-консалтинг компаниясы өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын рейтингин жарыялаган. Аталган компания 2012-жылдын 18-25-декабрына чейин өлкөнүн бардык аймагында 14 жаштан жогорку курактагы жарандардан сурамжылоо жүргүзгөн. Анда "Супер-Инфо" гезити 3 тармак боюнча гезит-журналдар арасында 1-орунду алган. Сурамжылоого катышкан адамдардын 63,9 пайызы "Супер-Инфо" гезитин окуй тургандыктарын айтышкан. Буга байланыштуу аталган гезит "Кыргызстандагы эң көп окулган гезит" деп табылган. Мындан сырткары окурмандардын 48 пайызы “Супер-Инфо” сүйүктүү гезит экенин билдиришкен. Ал эми 32,7 пайызы "Супер-Инфо" гезити маалыматтарды так жазат деп эсептеген. Сурамжылоого 2400 адам катышкан.  (13 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: