p

1-октябрь, 1975-жылы орусиялык театр жана кино актрисасы Чулпан Хаматова туулган

Дүйнө
Орусиялык театр жана кино актрисасы Чулпан Хаматова Татарстандын Казань шаарында инженердин үй-бүлөсүндө туулган. Чулпан мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Казандагы Каржы-экономикалык институтуна тапшырган. Актриса болууну каалаган Чулпан жакындарынын каршы болгонуна карабай институтту таштап, Казандагы театралдык орто окуу жайга кирген. Кийин атактуу актриса болууну эңсеген Чулпан Хаматова Москвага аттанып, тилегине жеткен. 
Хаматованын алгачкы тартылган тасмасы “Бийчинин заманы” (“Время танцора”), ал эми атактуулукка алып келген тасма “Дүлөйлөрдүн өлкөсү” (“Страна глухих”) болгон.
Чулпан Хаматова актриса катары гана эмес, кандын рагы менен ооруган жаш балдарга жардам бере турган “Подари жизнь” аттуу кайрымдуулук фондунун башчысы катары да таанымал.
  (50 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: