p

29-июнь, 1957-жылы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов туулган

Дүйнө
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Ашхабад облусундагы Бабарап кыштагында туулган. 1979-жылы Түркмөнстандын Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Бердимухаммедов медицина илимдеринин доктору, кесиби боюнча тиш доктур. 1997-жылы Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. 2001-жылы Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2006-жылы ноябрда Минскте өткөн ШКУнун саммитине Түркмөнстандын атынан барган. Ошол эле жылы декабрда түркмөн президенти Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткан соң, Бердимухаммедов президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Ушул жылы 11-февралда президенттик шайлоодо 83 пайыз добуш менен жеңишке жетип, Түркмөнстандын экинчи президенти болуп калган. Президент болгондон кийин эң биринчи жарлыгы менен орто мектептерде он жылдык билим берүүнү калыбына келтирген.  (68 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: