p

3-март, 1895-жылы норвегиялык экономист Фриш Рагнар туулган

Дүйнө
Норвегиялык экономист Фриш Рагнар Ослодо төрөлгөн. Ослодо университетти бүтүп, окуусун Америкада, Францияда уланткан. 1926-жылы Осло университетинде докторлук наамын алган. 1931-жылы университеттин Социалдык экономика жана статистика институтунун профессору жана директору болуп, ал эми экинчи дүйнөлүк согушта улутчулдук режим учурунда камакта болгон. Индиянын жана Египеттин өкмөтүндө экономика боюнча кеңешчи болуп иштеген. Университетте өзүнүн менчик мектебин түзгөн. 1933-1955-жылы "Эконометрика" журналынын редактору болгон. Фриш эконометриканы түзүүчүлөрдүн бири катары таанымал жана ал биринчи болуп "эконометрика" терминин колдонгон. Фриш Рагнар 1969-жылы экономика багыты боюнча "Нобель" сыйлыгын алган. Ал 1973-жылы 31-январда Ослодо каза болгон.  (131 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: