p

26-февраль, 1932-жылы чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо максатында Ленинград шаары Кыргыз Республикасын өз көзөмөлүнө алган

 
Кыргызстан
Республиканын чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо максатында Ленинград шаары Кыргыз мамлекетин өз көзөмөлүнө алган. Эки тараптуу негизги келишимге Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А.Орозбеков менен ленинграддык делегация башчысы, Ленкеңеш президиумунун мүчөсү А.Валышев кол койгон.
Кыргыз тарап Ленинград шаарын эт менен үзгүлтүксүз камсыздоого сөз берген. Ленинграддык делегация Кыргыздын электрификациясына, баалуу кендерди чалгындоо ишине жана фундаменталдык китепкана куруп берүүнү макулдашышкан. Анын натыйжасында Кыргыз аймагына жаңы технологиялар жөнөтүлүп, аларды иштете турган адистер Ленинград шаарынан келишкен. Мындан тышкары ленинграддык илимпоздор мамлекетибиздеги илим изилдөө борборлорунун ачылышына жана анын жетилишине зор салым кошушкан.
  (94 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: