|
|
p
28-февраль, 1985-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова төрөлгөн
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова Фрунзе шаарында туулган.
2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен, 2009-жылы юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2001-2004-жылдары "Ош 3000" (ЭлТР) телеканалында программалардын алып баруучусу болуп иштөө менен баштаган. 2002-2006 жылдары "Алмаз" радиостанциясында пресс-кызматтын жетекчиси; 2004-2005-жылдары "Пирамида" радиостанциясында маалыматтар кызматында иштеген. 2005-2006-жылдары Ош шаарындагы "Ага Хан" менчик мектебинде тарых жана укук таануу боюнча мугалим; 2013-2014-жылдары Түркиянын Анкара шаарында ТРТ телеканалында жаңылыктардын алып баруучусу; 2006-2015-жылдары УТРКда "Ала-Тоо" маалымат программасынын редактору, алып баруучусу жана бир нече теледолбоорлордун автору; 2015-жылы "Бир бол" саясий партиясынын басма сөз катчысы болуп иштеген. 2015-жылдын 4-октябрында "Бир бол" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2016-2018-жылдары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары болуп иштеп келген. Комментарийлер(1)
DAYAN
28.02.2014. 01:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунун менен)))
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| ||