p

7-март, 2009-жылы  ОшТВ телеканалынын журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган

Кыргызстан
ОшТВ телеканалынын журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган. Баш мээси чайкалган жана башка жараттары менен Кенжебаев Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүгүнө жаткырылган. Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде Бахадыр Кенжебаев Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Бахадыр Кенжебаевдин өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп билдиришкен. "Анткени акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал" дешкен.  (17 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: