|
|
p
3-март, 1950-жылы Телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов туулган
Телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.
Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы жана башка бир топ сыйлыктарга татыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсөтүүсүнүн редактору жана алып баруучусу, КТРдин алдындагы "ТВ-студиясынын" диктору.
(76 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |