p

4-март, 1983-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Cоту "политехник" аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарган

 
Кыргызстан
Кыргыз ССРинин Жогорку Cоту "политехник" аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарган. Каракчылар Фрунзе политехникалык институтунун кассасынан 70 миң рубль акча уурдашкан. Кассадагы акчаны уурдоо аракети чак түштө жасалгандыктан, советтик бийликтин жабык маалымдоо шартында да ал коомчулуктун оозуна алынган. Мындан тышкары, ушул эле бандиттик топ тарабынан шаардык ювелир Глазунов менен асфальт-бетон заводдун башкы инженери Бреннердин өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Жогорку Сот бандиттик топтун үч өкүлүнө өлүм жазасын чыгарып, калган экөөнү ар бирин 10 жана 8 жылга эркинен ажыраткан.  (43 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: