|
|
p
3-март, 2014-жылы Жусупжан Жээнбеков Жалал-Абад облусунун башчысы болуп дайындалган
Жусупжан Жээнбеков өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ал эми мурунку облус башчысы Жусубали Торомаматов башка ишке которулганына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Жусупжан Жээнбеков 1956-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган. 2005-2006-жылдары (Бакиевдин бийлиги тушунда) Жалал-Абад облусунун губернатору болуп, 2007-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми 2012-жылдын 17-январында аталган дирекциянын башчысы болуп дайындалган.
(12 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |