|
p
28-июнь, 1914-жылы Австриялык коомдук ишмер Франц Фердинанд каза болгон![]()
Австриянын армия башчысынын орун басары, коомдук ишмер Франц Фердинанд каза болгон. Бүгүнкү Босния-Герцеговинанын Сараево шаарында эрцгерцог Франц Фердинанд түшкөн унаа Сараево шаарынын көчөсүндө жаңылыш бурулат. Ал кезде автомобил артка жүргөн эмес. Ошондуктан айдоочу моторду өчүрүп, машинени туура жолго чыгаруу үчүн артка түртө баштайт. Ошол тушта серб улутчулу Гаврило Принцип машинеде отурган Франц Фердинандга жана анын аялы Софи Хотекке удаа-удаа ок аткан.
Австрия монархынын мураскери менен аялынын өлүмү тарыхта Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына берилген шылтоо катары сыпатталып калган.
(111 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|