p

28-июнь, 1997-жылы “Кулак окуясы” менен эсте калган Холифилд-Тайсон беттеши Лас-Вегаста өткөн

Дүйнө
“Кулак окуясы” менен эсте калган Холифилд-Тайсон беттеши Лас-Вегаста өткөн. Анда Тайсон Холифилддин эки кулагын тең тиштеген. Мушташтын 3-раундунда көптөгөн соккуларга кабылган Темир Майк ызасына чыдабай Холифилдди кучактай калып, кулагына асылат. Холифилд так секирип, дарыгерлерге чуркаганда Тайсон артынан түшүп, экинчи кулагын тиштегенге да жетишет. Ошентип, беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жеңиш кулактары тиштелген мушкерге ыйгарылат. Жеңилгенине жини келген Тайсон күчүн полиция кызматкерлеринен чыгарат. Күйөрмандар ортосунда мушташ башталып, беттеш күтүлгөндөн да чоң сенсация менен аяктайт. 
Беттештен кийин жеңиш үчүн кулагын курман кылган Холифилд хирургдарга кайрылууга аргасыз болгон. Кулагынын тиштелип үзүлгөн бир бөлүгүн ринг тазалоочу Митчелл Либонати таап алган. Ал табылгасын “каны жок, кудум сосискага окшош” деп сүрөттөгөн. Ал эми 2-кулагынын бир бөлүгү 18 миң долларга сатылган. АКШда аталган беттештен кийин “Холифилд-Тайсон-тиштегич” момпосуйлары жарыкка чыгып, кеңири популярдуулукка жеткен.
  (28 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: