|
p
14-июль, 1913-жылы АКШнын 38-президенти Жеральд Форд туулган![]()
АКШнын 38-президенти, мамлекеттик ишмери Жеральд Форд АКШнын Небраска штатындагы Омаха шаарында туулуп, 2006-жылы 26-декабрда 93 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Форд Американын шайлоо аркылуу эмес бийликке келген жалгыз президенти. 1974-жылы президент Ричард Никсон "Уотергейт" чатагына байланыштуу кызматтан кетип, анын ордун ошол кезде вице президент болуп турган Жеральд Форд ээлеген. 1976- жылы Форд президенттик шайлоого Республикалык партиянын талапкери катары катышкан, бирок демократ Жимми Картерге уттуруп койгон.
(112 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|