p

13-август, 1916-жылы Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү маалында Пржевальск шаарындагы айыл чарба мектеби кыйраган

 
Кыргызстан
Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү маалында Пржевальск шаарындагы айыл чарба мектеби кыйраган. Көтөрүлүшкө байланыштуу күбөгө тартылган И.А.Поцелуев мектептин кыйратылышына пржевальскилик интеллигенция өкүлдөрү менен карыган, чала керең генерал Корольков күнөөлүү деп айыптаган. Мектеп ойрондолуп, бул маалда казак орус отрядын жетектеген Овчинников Маринка айылын талкалап, үйлөрдү өрттөө менен алек болгон. Мектеп эртең менен саат 9-11 чамасында, тактап айтканда, Овчинников Маринка айылын өрттөп жаткан убакта талкаланган. “Эгер мектеп камкорчусу генерал Корольков Овчинниковдун отрядын мектепти коргоого алганга буйрук бергенде окуу жай аман калмак” деп көрсөтмө берген И.А.Поцелуев.  (109 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: