p

1-октябрь, 1881-жылы америкалык авиаконструктор Уильям Боинг туулган

Дүйнө
Дүйнөлүк авиацияга зор салым кошкон америкалык авиаконструктор, инженер Уильям Боинг машина куруу менен атагы чыккан АКШнын Мичиган штатындагы Детройт шаарында төрөлгөн. Йель университетин аяктаган соң ал атасы менен жыгач сатып иштейт. Лос-Анжелестеги авиаторлордун чогулушуна 1908-жылы катышкандан кийин ал аэроплан курууга баш-оту менен кирип кеткен.
Боинг досу Конрад Уэстервельд экөө B&W сууга конуучу жөнөкөй учакты үйүнүн жанында кураштырышат. Ал гидропланды алгач ирет учуруучу пилот кечигип, жаш Уильям Боингдин чыдамы кетип, учакты өзү асманга көтөрөт.
Америкалык конструктор 1916-жылдын 15-июлунда азыркы күнгө чейин атактуу “Боинг” компаниясын түптөгөн. Компания 12 жүргүнчүгө ылайык алгачкы учакты 1929-жылы учурган. Ошондон бери Уильям Боингдин компаниясы АКШнын гана эмес, дүйнөлүк авиациянын бирден-бир лидери болуп саналат.
"Боинг" компаниясы учактардан тышкары ракета, чөлмөк, танк жана инженердик шаймандарды өндүрөт.
Уильям Боинг 1956-жылы 28-сентябрда 74 жаш курагында жүрөк оорудан каза тапкан.
  (144 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: