|
p
3-июль, 1905-жылы Советтик тарыхчы Саул Абрамзон туулган![]()
Советтик тарыхчы Саул Абрамзон Орусиянын Орёл губерниясындагы Дмитровск шаарында саат устанын үй-бүлөсүндө туулган.
1916-жылы Карачаров шаарындагы эркектер гимназиясына окууга тапшырат. Бирок атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туулуп-өскөн Дмитровск шаарына кайтып келип, жогорку тепкичтеги башталгыч мектептен окуган (бул мектеп кийинчерээк экинчи баскычтагы совет мектеби деп аталып калган). 1926-жылы ал Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. Анын окутуучуларынын арасында А.Н.Самойлович жана С.Е.Малов сыяктуу көрүнүктүү чыгыш таануучулар болгон. Саул Абрамзон 1926-жылы Кыргыз автономия облусунун музейинин башчысы, 1927-жылы Кыргызстанда Чөлкөм таануу музейин, 1928-жылы Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советине караштуу Чөлкөм таануу б-ча алгачкы илим изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. Ал эми 1931-жылдан кайра Ленинградда (азыркы Санкт-Петербургда) жашаган. СССР Илимдер академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунун директору жана илимий кызматкери болгон. СССРдеги жана Кытайдагы кыргыз урууларын, алардын каада-салттарын кеңири изилдеген. Бир катар этнографиялык экспедицияларга катышкан. “Кыргыз элинин маданиятынын очерктери” (1946), “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланышы” (1971) деген илимий эмгектердин, ошондой эле бир катар илимий макалалардын автору. СССРдин “Ардак белгиси” ордени менен (1956) сыйланган. 1970-жылдары аны Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчилиги акыйкатсыз түрдө сынга алган. Саул Абрамзон 1977-жылы 1-сентябрда Орусиянын Ленинград шаарында каза болгон.
(120 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|