p

18-август -  Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн авиация күнү

Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн авиация күнү. 

Республиканын аскер авиациясы 1941-жылы негизделген. Ошол жылы Одессадагы авиация мектебинин учкучтарын Фрунзе шаарына эвакуациялоо чечими кабыл алынган, февраль айында согуштук окууну башташкан.1945-жылы август айында учкучтардын мектеби Кызыл армиянын авиациясынын учкуч-штурмалоочулардын Одессалык аскер окуу жайы болуп кайрадан түзүлүп, 1947-жылдын май айына чейин Абадан коргонуу күчтөрү үчүн кадрларды даярдаган. 1947-жылдын июнь айынан баштап аскер окуу жайы СССРдин Абадан Коргонуу Күчтөрүнүн Фрунзе аскердик авиациялык окуу жайы болуп аталып калган. Кийинчерээк ал авиациялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча 5-Борбордук курс болуп кайра түзүлгөн. 

1959-жылдын 18-августунда Кыргызстандын аймагында 23 565 аскер бөлүктүн базасында авиациялык окуу полку түзүлгөн. 1957-жылдан 1992-жылга чейин бул курстардан 54 өлкөдөн 110 авиациялык адистиктер боюнча 21 682 адам даярдалган, анын ичинен 5698 учкуч, 749 штурмалоочу, 469 согуштук башкаруучу офицерлер, 165 аткыч-радисттер, 8998 авиатехниктер жана 500дөн ашык башка адистиктер боюнча даярдалган. 

1992-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин бардык аскер бөлүктөрү анын ичинде учуу боюнча да Кыргыз Республикасынын Юрисдикциясына алынган. 

 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: