|
|
p
7-март, 1941-жылы Советтик театр жана кино актёру Андрей Миронов туулган
Советтик театр жана кино актёру, РСФСРдин Эл артисти Андрей Миронов Москвада төрөлгөн. 1958-жылы Вахтангов театрынын алдындагы Борис Щукин атындагы окуу жайга тапшырган. 1960-жылы "Бул сүйүү болсочу?" аттуу тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1963-жылы "Үч кошуу эки" тасмасында башкы ролду жаратып ийгиликке жетишкен. 1966-жылы Андрей Миронов тартылган "Автомобилден абайла" тасмасы көптөгөн чет элдик сыйлыктарга ээ болгон. 1968-жылы 28-апрелде "Бриллиант кол" тасмасынын кеңири премьерасы болуп, рекорддук 76 миллион 700 миң адам чогулган. Андрей Миронов көптөгөн тасмаларга тартылып,бир нече сыйлыктарга ээ болгон.
1987-жылы 14-августта Ригадагы театрда мээсине кан куюлуп, спектаклде акыркы эпизодду ойногонго жетишпей калган. Эки күн бою анын дем алуусун жана жүрөк согуусун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Тилекке каршы актёр 1987-жылы 16-август күнү таңкы саат 5:35те каза болгон. 20-августта Москвадагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлган.
(85 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |