p

2-июль, 1941-жылы Польшанын Львов шаарын басып алган немис аскерлери шаардагы поляк интеллигенциясын өлтүрүшкөн. 

 
Дүйнө
Польшанын Львов шаарын басып алган немис аскерлери шаардагы поляк интеллигенциясын, 45тей поляк окумуштуусун жана алардын үй-бүлөсүн өлтүрүшкөн. Ушул эле жылдын июль айында Улуу Ата Мекендик согуш башталган соң немис аскерлери тизме боюнча Львов шаарынын тургундарын массалык түрдө өлтүрүүнү башташкан. Тарыхчылар муну улутчулдук менен байланыштырып келишет. Немис аскерлери негизинен Львов шаарындагы еврей, поляктарды кыруудан башташкан. Өлтүрүлгөн адамдардын көпчүлүгү польшалык саясатчылар, артисттер, спортчулар, дин таануучулар жана окумуштуулар болгон. Алардын өздөрүн гана өлтүрүп тынбастан, үй-бүлөлөрүнө да кол салуу болгон. Массалык өлтүрүүнүн максаты баш көтөрүп, польшалык коомчулукту баштай турган, өз оюн билдирип, дүйнөлүк коомчулукка кайрыла ала турган интеллигенцияны жок кылуу болгон.   (84 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: