p

16-август, 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү: Өзгөн тарапта Мамыр Мерген баштаган кыргыздарга кокондук аскерлер капысынан кол салган

 
Кыргызстан
Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар 1873-жылдын жай айында акырындык менен өздөрүнүн жерлерине көчүп келе башташкан. Мамыр Мерген баштаган 1700 түтүн кыргыз Карагатты белине келип, хандык аскер башчы Абдурахман Афтобачинин талабына ылайык алардын бир даары Өзгөнгө түшкөн.
1873-жылдын 16-августунда Өзгөндүн жанынан аларга кокондуктар төрт тараптан капыстан кол салып, кыргыздарды чекесинен өлтүрө башташкан. Кагылышта 40 кыргыз шейит кетип, 60 адам туткундалып, зынданга салынган. Кокондуктар 15 жоокерден айрылып, калган кыргыздар болсо, кайрадан Орусия ээлиги эсептелген Түндүк Кыргызстанга качууга мажбур болушкан.
  (152 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: