p

28-февраль, 1972-жылы "Кукушка" тасмасы аркылуу таанылган фин жана орус актёру Вилле Хаапасало туулган

Дүйнө
"Диверсант", "Кукушка" тасмалары аркылуу таанылган, "Муз доору" долбоорунда Татьяна Навка менен бийлеп, 2-орунду алган орус-фин актеру Вилле Хаапасало Финляндиянын Холлола шаарында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы жарыкка чыккан "Улуттук аңчылыктын өзгөчөлүктөрү" тасмасында өзүнүн алгачкы ролун жараткан. Актёр "Кукушка" тасмасына тартылгандан кийин калың элге таанылган. Аталган фильмдеги ролу үчүн 2003-жылы Орусиянын мамлекеттик сыйлыгына татыган. В.Хаапасало жалпысынан орус жана фин кинолорунда 40тан ашык роль жараткан. Ошондой эле анын Орусияда өзүнүн киностудиясы бар. 2005-жылы Финляндиядагы телевидениеде алпаруучу болуп иштеп, чыгармачылыкка аралаша баштаган. 2 жылдан кийин орустардын "Главная дорога" программасын, 2010-жылы Александр Олешко менен биргеликте белгилүү "Даңк мүнөтү" көрсөтүүсүн алпарган. Жеке жашоосу 1995-жылы институтту аяктаган соң фин актрисасы Саара Хедлундга үйлөнгөн. Жылдыздар 3 балалуу болгон соң ажырашып кетишкен. Андан кийин режиссёр Тина Баркалая менен сүйүү мамилесин куруп, 2009-жылы уулдуу блушкан.  (54 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: