p

1-март -  Жарандык коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү

Дүйнө
Жарандык коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү. 1931-жылы бир нече мамлекеттердин демилгеси менен француз медициналык кызматынын генералы Жорж Сен-Поль Парижде "Женева зоналарынын ассоциациясын" негиздеген. Бул уюм 2 же көп жактуу макулдашуулар аркылуу бардык өлкөлөргө коопсуздук зоналарын орнотууну көздөгөн. Кийинчерээк бул ассоциациянын аталышы Эл аралык жарандык коргоо уюму деп өзгөртүлгөн. Ал эми 1972-жылы аталган уюм өкмөттөр аралык уюмдун статусун алган. Учурда ага 53 мамлекет мүчө, 16 мамлекет байкоочу болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргоо күнү 1990-жылы бекитилген. Максаты - жарандык коргоо тууралуу маалыматтарды пропагандалоо жана улуттук куткаруу кызматтарынын сапатын жакшыртуу. 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: